Адамдар эмнеге бири бирине ишенбей калды? | Максат Таласбаев | Zaman PodcastTRACK

Sound

Адамдар эмнеге бири бирине ишенбей калды? | Максат Таласбаев | Zaman Podcast

lorelai
1:29:22 duration0 plays0 favoritesMedium quality
Fiqh
Play now

About this track

Биз ар дайым биздин көрүүчүлөр үчүн пайдалуу жана актуалдуу маектерди тартуулаганы аракет кылабыз. Биздин “Заман” подкастыбыздын студиясында кайрадан коомдук ишмер Максат Таласбаев агайыбыз. Коногубузга азыркы заманда актуалдуу болуп турган көптөгөн суроолорду берип, кызыктуу маек курдук. Биздин бүгүнкү подкастыбызда төмөнкү темалар каралат: - Ниет: кантип туура ниетти сактап калыш керек жана жашообузга кандай таасирин тийгизет. - Мусулмандардын азыркы күндөрү кандай эң чоң көйгөйлөрү бар. - Эмнеге биздин арабызда бөлүнүү көбөйүп кетти жана кантип ынтымак, биримдикти сактайбыз. - Жаштар кайсы билимге көбүрөөк муктаж. - Диний жана дүйнө илимдеринин ортосунда кандай байланыш болуш керек. - Коомубузда ишенүү сезими эмнеге жоголуп кетти. - Адамдын табияты бузулса эмне болот. - Үмүтсүздүк жана Аллахка тобокел кылуу. - Жаштарга насааттар. Ушул жана дагы башка темалардын тегерегинде маек курдук. Баарыңыздар үчүн пайдалуу жана кызыктуу болот деген үмүттөбүз. Подкастты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Жакшы иштерге себепчи бололу. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:38 – Башталышы 02:20 – Ниет тууралуу 17:10 – Шайтан ниетти бузуу үчүн кандай ыкмаларды колдонот 19:00 – Мусулмандардын азыркы күндө эң чоң көйгөйлөрү кайсы 33:00 – Эмнеге бөлүнүү оңой, биригүү кыйын 35:00 – Ынтымакты, биримдикти кантип сактап калабыз 36:42 – Мусулман өлкөлөр канткенде күчтөнөт 38:28 – Жаштар кайсы билимге көбүрөөк муктаж 41:21 – Диний жана дүйнө илимдеринин ортосунда кандай байланыш болуш керек 43:00 – Адамдардын ортосунда эмнеден ишенүү сезимдери аз болуп калды 51:00 – Адамдын табияты бузулса эмне болот 59:10 – Келечекке үмүтсүздүк менен карабаш үчүн 1:05:56 – Тооба кылуу менен истигфардын айырмасы эмнеде 1:08:00 – Үмүтсүз адамдар кандай таасир берет 1:12:25 – Мусулман үмүтүн кантип жоготпой жашайт 1:21:10 – Блиц суроо-жооп 1:26:45 – Жыйынтыктоо Каналга катталып, жакындарыныз менен белушуп, жакшы ишке салым кошунуз. Сиздерди терен урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares

From the album

Zaman podcast album coverZaman podcast46 tracks · Track 41

Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...

→

You may also like