TRACKSound
Аллах ыраазы болуш үчүн эмне кылуу керек? | Айпери Кубик кызы | Zaman Podcast
About this track
Биздин “Заман” подкастыбызга ар дайым кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар менен бөлүшө алган инсандарды чакырганы аракет кылабыз. Бүгүн дагы жалпысына кызыктуу жана пайдалуу болот деген ниетте студиябызга конок катары белгилүү ырчы, блогер, коомдук ишмер Айпери Кубик кызын чакырдык. Коногубуз менен коомубузда актуалдуу болгон, өзгөчө айымдарга тиешелүү темалар боюнча маек курдук. Биздин бүгүнкү подкастыбызда төмөнкү темаларга токтолуп өттүк: - Жоолукка кантип келип калды, келгенден кийинки сезимдер жана жоолук салынуу кандай айымдарга жоопкерчиликти пайда кылат. - Айымдардын азыркы коомдо орду, ролю кандай, кандай көйгөйлөрү бар. - Ажырашуулардын себеби эмнеде жана үй-бүлө бекем болуш үчүн эмне кылыш керек. - Бала тарбиялоодо эмнелерге көңүл бурат. - Умрадагы окуялар. - Жашоодогу миссиясы тууралуу. - Аялдын бактылуулугу эмнеде. Ушул жана мындан тышкары дагы башка суроолорго жоопторду подкастыбыздан таба аласыздар. Бул маектешүү көпчүлүккө кызык жана пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:20 – Көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн окулчу дуба 03:00 – Азыр эмне менен алектенип жатат 04:37 – Жоолукка кантип келип калган 10:15 – Жоолукка келгенде жакындар кандай кабыл алышты 13:05 – Жоолук – бул чоң жоопкерчилик 17:05 – Динди сүйүнчүлөп, даанышмандык менен жеткирүү керек 18:05 – Ислам жашоого келгенден кийин кандай өзгөрүулөр болду 21:10 – Аялзатынын азыркы коомдо ролю кандай жана кандай көйгөйлөрү бар 23:30 – Ажырашуулардын себеби эмнеде 29:03 – Куран – бул биздин жашообузга инструкция 31:15 – Аялдарды көбүрөөк эмнелер тынчсыздантырып жатат 33:30 – Социалдык тармактар аркылуу эмне жеткиргиси келет 41:15 – Амалдар ниетке жараша 44:44 – Бала тарбиялоодо эмнелерге көңүл бурат 47:35 – Умра тууралуу жана ал жактагы бир окуя 55:40 – Каабанын алдынан сумка жоготуп алып 59:55 – Каабанын жанында баласын жоготуп алып 1:03:25 – Баарына кантип жетишет 1:06:41 – Жашоодогу миссиясы кандай 1:09:45 – Адамга жаман күмөндө болбойлу, акысына кирип алуудан этият бололу 1:15:55 – Сөздүн күчү чоң 1:17:21 – Аялдын бактылуулугу а
From the album
Zaman podcast46 tracks · Track 33Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...
→