TRACKSound
Эмне үчүн эл дагы эле кара дубага ишенет? | Кенжетай ажы Курманкожоев Кадыр Жарматов | Zaman Podcast
About this track
Заман” подкастыбыздын бүгүнкү коноктору Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ага окутуучусу Устаз Кенжетай ажы Курманкожоев жана белгилүү алып баруучу, кинопродюссер, “Көңүлдүү жигиттер” долбоорунун негиздөөчүсү Кадыр Жарматов. Биз дайыма коомубузда актуалдуу жана көрүүчүлөрүбүзгө пайдалуу болгон темаларды чыгарганы аракет кылабыз. Ошол максатта дагы бүгүнкү күндүн коноктору менен коомубузда, өкүнүчтүүсү, кенен жайылган, өтө актуалдуу болгон кара дуба, сыйкыр, назар, жин кирүү же жин тийүү сыяктуу темаларды талкуулап чыгарганы аракет кылдык. Бул подкастта биз: кара дуба, сыйкыр деген эмне; динибиздин буга көз карашы кандай; сыйкырдын кандай белгилери болот; сыйкыр кандай таасир берет; адамдар кантип сактаныш керек; кимге, кантип дем салдырабыз; дуба, зикрлер менен алек болуу; тообо кылууга дайыма мүмкүнчүлүк бар; таза жашоо кандай болот – ушул жана башка көптөгөн темалардын тегерегинде маек кылдык. Бүгүнкү подкаст көптөгөн адамдарга пайдалуу болуп, адашып жүргөндөр болсо жакшы бир эскертүү жана баарына маалымат алууга жакшы бир булак болуп берет деп үмүттөнөбүз. ——————————————————————————— Таймкоды: Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:24 – Киришүү 03:40 – Кадыр Жарматовдун аялынын окуясы 05:35 – Динибизде кара дуба жөнүндө эмне айтылган 10:54 – Кара дуба, сыйкырдын белгилери 13:13 – Сыйкырланса кимге дем салдырыш керек 20:03 – Сыйкыр дагы эмнеге таасирин тийгизет 24:11 – Сыйкырдан адам өлүшү мүмкүнбү 34:06 – Назар тууралуу 35:50 – Адам өзүнүн жанын кыйса акырети кандай болот 39:10 – Сыйкырдан кантип сактанышыбыз керек 40:56 – Дем салдыруу 45:03 – Кадыр Жарматовдун үй-бүлөлүк абалы 45:40 – Дуба, зикрлер менен алек болуу 50:24 – “Кара дуба” тасмасы тууралуу 58:11 – Тообо кылууга дайыма мүмкүнчүлүк бар 1:09:41 – Биз көрбөгөн нерсеге ыйман келтиребиз 1:14:13 – Жин адамга киреби же кирбейби 1:16:20 – Таза жашоо кандай болуш керек ——————————————————————————— Каналга катталып, жакындарыңыз менен бөлүшүп, жакшы ишке салым кошуңуз. Сиздерди терең урматтоо менен подкасттын а
From the album
Zaman podcast46 tracks · Track 22Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...
→