Көзү азиз адамдар түш көрөбү? | Zaman PodcastTRACK

Sound

Көзү азиз адамдар түш көрөбү? | Zaman Podcast

lorelai
1:12:30 duration0 plays0 favoritesMedium quality
Fiqh
Play now

About this track

Бүгүнкү биздин “Заман” подкастыбызда өзгөчө конок. Маданияттын мыкты кызматкери, радио алып баруучу жана ошол эле учурда профессионалдуу массажист, мотиватор Азамат Бердияаров. Коногубуз көзү азиз болуп төрөлгөн, бирок ошого карабай жашоосунда ар дайым позитивдүү ой-жүгүртүп, дайыма шүгүр келтирип, жок нерселер менен көңүлүн түшүрбөй, тескерисинче, бар нерселерге кубанып жашап келет. Коногубуз менен жеке жашоосу тууралуу, кантип Медакадемияда окуп калганы, радиодо кантип иштеп калганы тууралуу маек курдук. Бизге кандай шүгүр келтириш керек, көзү көрбөгөн адамдар кантип жашайт, кандай кыйынчылыктарга кабылат, бирок ошого карабай кантип чөкпөй, тескерисинче, башкаларга үмүт берип жашап келгендиги тууралуу айтып берди. Бул подкастыбыз көпчүлүк адамдар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болот деген ниеттебиз. Жана ар бирөөбүзгө чыныгы шүгүрчүлүк келтирип жашоону үйрөтөт деп ойлойбуз. Подкастыбызды башкалар менен бөлүшүп, пайдалуу маалымат жайылтууга чакырабыз. Сиз дагы биздин кылып жаткан эмгегибизге шериктеш болуп, сооп табуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калыңыз. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:26 – Башталышы 02:35 – Умрага кандай барып келди 04:15 – Үй-бүлөсү, өзү жөнүндө 09:40 – Көзү көрбөгөн адамдар түш көрөбү 11:40 – Көзү көрбөгөн инсандардын угуу сезими, эс тутуму күчтүүрөөк болот 15:30 – Кинотеатр, театрга кантип барат 17:08 – Дайыма Аллахка шүгүр келтирүү 20:06 – Динге кантип келип калган 28:00 – Куранды кантип окуйт, кантип үйрөнгөн 35:25 – Кыргызстанда көзү азиз адамдарга кандай шарттар түзүлгөн 39:55 – Достору жөнүндө 43:12 – Иниси тууралуу 45:45 – Эмнеге ушунча адамдын арасынан мага бул сыноо келди 50:10 – Умра сапары тууралуу 1:01:10 – Радиодо иштегени тууралуу 1:05:46 – Кайсы хадис дем-күч берет 1:08:05 – Көрүүчүлөргө кайрылуу 1:10:15 – Коноктон дуба 1:11:35 – Жыйынтыктоо Каналга катталып, жакындарыңыз менен бөлүшүп, жакшы ишке салым кошуңуз. Сиздерди терең урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares Creative Group antares_group Биздин Instagram:

From the album

Zaman podcast album coverZaman podcast46 tracks · Track 37

Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...

→

You may also like

Red (Taylor's Version) cover art
Red (Taylor's Version)Taylor Swift, Taylor Swift,Ed Sheeran, Taylor Swift,Phoebe Bridgers, Taylor Swift,Chris Stapleton, Taylor Swift,Gary LightbodyPop