Курман айтты кантип тосушубуз керек? | Автандил Жусупбеков | Zaman PodcastTRACK

Sound

Курман айтты кантип тосушубуз керек? | Автандил Жусупбеков | Zaman Podcast

lorelai
1:26:03 duration0 plays0 favoritesMedium quality
Fiqh
Play now

About this track

Жалпы көрөрмандарыбызды келе жаткан Ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайбыз. Жана бүгүнкү “Заман” подкастыбызды майрамга жакшыраак даярданып алуу максатында Курман айт темасында кылдык. Бул үчүн биздин студиябызга “Аль-Азхар” Ислам университетин бүтүрүүчүсү, “Ибн Халдун” Ислам институтунун мугалими, коомдук, диний ишмер Автандил Жусупбеков устазды чакырдык. Бул подкастка Курман айтка тиешелүү бардык маселелерди баарлашып өткөнгө аракет кылдык. Биздин подкастыбызда: - Курман айт майрамынын тарыхы. - Курман айттын мааниси кандай жана кандай сабактарды бул майрамдан өзүбүз үчүн алабыз. - Курман айтта кандай курмандык союлат жана ким үчүн курмандык союу милдеттүү болуп эсептелет. - Курмандык союуга шарты жок адам кантип бул күндү өткөрөт. - Арафа күнүн кантип өткөрүшүбүз керек. - Сараңдык жана берешендик динибизде кандай каралат. Ушул жана башка Курман айтка тиешелүү суроолорго подкаст аркылуу жооп бергени аракет кылдык. Баарыңыздар үчүн пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Аллах Таала сойгон курмандыктарыңыздарды кабыл кылып, эки дүйнө жакшылыктарын насип кылсын. Подкастты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Жакшы иштерге себепчи бололу. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:33 – Башталышы 03:00 – Курмандык союунун мааниси эмнеде 06:40 – Курман айт майрамынын тарыхы 12:10 – Курмандык эттерин таратып жатканда “Мен берип жатам” деп милдет кылбайлы 15:22 – Берген садакаңар, курмандыгыңар балээлерден сактайт 18:40 – Арафа күнү 22:02 – Береке жөнүндө 24:14 – Курман айт берешендикке тарбиялайт 27:24 – Курман айт үммөттүн биримдигин бекемдейт 29:57 – Арафа күнүн кандай өткөрүшүбүз керек 32:30 – Курмандык чалуу - важип 34:07 – Курмандык чалуу Курман айт күнү гана кылынбайт Каналга катталып, жакындарыныз менен белушуп, жакшы ишке салым кошунуз. Сиздерди терен урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares Creative Group antares_group Биздин Instagram: denis_ajy nursultan_mainazarov zaman_podcast

From the album

Zaman podcast album coverZaman podcast46 tracks · Track 40

Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...

→

You may also like