TRACKSound
Кылган жакшы амалыңдын үзүрүн көрөсүң | Жанадил Салымбеков | Zaman Podcast
About this track
“Заман” подкастыбызга ар дайым кызыктуу жана пайдалуу маек куруп бере турчу конокторду чакырганы аракет кылабыз. Бүгүнкү кезектеги коногубуз белгилүү блогер, актер Жанадил Салымбеков. Коногубуз менен көптөгөн темаларга токтолуп кеттик, алардын катарында: - Контентке идея кайсы жактан келет. - Динибиздин баалулуктарына туура келген контент тартылабы. - “Звездная болезнь” менен оорубаш үчүн эмне кылыш керек. - Бала тарбиялоо. - Ата-энесинин таасири. - Жашоосунда Ислам дини кандай роль ойнойт. - Умра сапары жөнүндө. - Адеп-ахлак тууралуу. Ушул жана дагы башка темалардын тегерегинде маек куруп, жоопторду алдык. Баарыңыздар үчүн пайдалуу жана кызыктуу болот деген үмүттөбүз. Подкастты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Жакшы иштерге себепчи бололу. Ким жакшы ишке себепкер болсо өзү жасагандай соопко ээ болот деп келет. Аллах Таала баарыңыздардан ыраазы болсун. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:22 – Башталышы 02:10 – Конок менен таанышуу 05:35 – Экрандын аркасындагы Жанадил 07:50 – Динибиздин баалулуктарына каршы келбегенконтент даярдалат 11:35 – Блогерлердин элдин астындагы жоопкерчилиги 14:00 – Жакындары белгилүүлүктү кандай кабыл алат 16:40 – “Звездная болезнь” барбы 20:05 – Атак-даңк эмнени берди, эмнени алып койду 23:15 – Блогерликтен сырткары эмне менен алектенет 25:40 – Киного кантип келип калды 28:53 – Контентке идея кайсы жактан келет 30:40 – Маанай түшүп калган, стресс болгон учурлардан кантип чыгат 32:53 – Диний Жанадил жөнүндө 36:15 – Умра сапары жөнүндө 45:12 – Жашоодогу максаттары 52:23 – Балага кичинекей кезде Куран үйрөтүүнүн пайдалары 53:48 – Кыздын атасы болуу кандай экен жана балдарга туура тарбия берүү 1:02:20 – Динибизди туура жеткирүүнүн жолдору 1:08:53 – Жаштарга насаат 1:11:53 – Эч нерсем калбаса дагы жакшы амалдарым калат 1:14:44 – Аллах Тааладан кантип алыстап кетпей жүрүш керек 1:19:48 – Ата-энесинен үйрөнгөн 3 нерсе 1:25:10 – Адам намаз окуп, адеп-ахлагы оңолбосо 1:26:09 – Өзгөчө дем берип турган аят, хадистер 1:29:25 – Жыйынтыктоо
From the album
Zaman podcast46 tracks · Track 45Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...
→










