Олимпиададагы жеңиштин артындагы чындык | Узур Джузупбеков | Zaman PodcastTRACK

Sound

Олимпиададагы жеңиштин артындагы чындык | Узур Джузупбеков | Zaman Podcast

user169561891565
1:17:59 duration0 plays0 favoritesMedium quality
Fiqh
Play now

About this track

Баардыгыңыздардын бул Ыйык Рамазан айында кармаган орозолоруңуздар, кылган ибадаттарыңыздар кабыл болсун! Биз ар дайым подкастыбызга кызыктуу жана пайдалуу болсун деген ниетте конокторду чакырып, маек курабыз. Биздин бүгүнкү “Заман” подкастыбыздын кезектеги коногу спорт дүйнөсүнүн жылдызы, белгилүү күрөшчү, Жайкы Олимпиада оюндарынын коло медалинин ээси, Азия чемпиону Үзүр Джузупбеков. Бүгүнкү коногубуз менен төмөнкү темалар сүйлөшүлдү: - Спортко келип калуу жолу. - Жашоодо кандай сыноолор болот. - Үй-бүлө кургандан кийин жашоо кандай өзгөрдү. - Кичинекей кезде кандай кыялдар бар эле. - Намаз, ибадат, Кудайга болгон таянуу кандай жардамын берет. - Рамазан айында спортчулар кантип орозо кармайт. - Эгону кантип контролдосо болот. - Спорттук карьерадан кийинки пландар. Бул подкастыбыз көпчүлүк адамдар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болот деген ниеттебиз. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:38 – Башталышы 03:00 – Күрөшүү – бул сүннөт 03:53 – Спортко кызыгуу качан башталган 08:20 – Эң кыйын сыноо кандай сыноо болду 10:40 – Спортчулардын образы жакшы жакка өзгөрүлдү 14:25 – Кичинекей кездеги кыялдар 17:30 – Чоң таймаштарда социалдык тармактарга чектөөлөр барбы 19:13 – Үй-бүлө кургандан кийинки жашоо 23:20 – Ар бир спортчу руханий жагынан кандай өзүн алып жүрүү зарыл 26:00 – Атайын таймаштардын алдында ритуал, адаттар 28:45 – Намаз окуп, ибадатта жүргөн спортчунун кандай айырмачылыктары бар 31:15 – Кайсы мамлекеттин спортчуларынын даярдыктары жакшы 34:30 – Билим алуу спортто абдан маанилүү 36:55 – Умра сапары тууралуу 39:15 – Садака, зекет, кайрымдуулук ыйманды бекемдейт 49:40 – Чыңгыз агай 51:25 – Рамазан айында спортчулар кантип орозо кармайт 56:32 – Спорттук карьера бүткөндөн кийин кандай пландар бар 1:04:27 – Эгону кантип контролдосо болот 1:08:23 – Аялын уга билген эркек ийгиликтүү болот 1:13:13 – Бир хадис, бир аят 1:15:45 – Жаштарга 3 насаат 1:16:30 – Жыйынтыктоо Каналга катталып, жакындарыныз менен белушуп, жакшы ишке салым кошунуз. Сиздерди терен урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Май

From the album

Zaman podcast album coverZaman podcast46 tracks · Track 35

Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...

→