TRACKSound
Пайгамбарыбыз сунуштаган 3 нерсе | Максат Таласбаев | Zaman Podcast
About this track
Биздин кезектеги “Заман” подкастыбыздын коногу коомдук ишмер Таласбаев Максат агайыбыз. Максат агай менен буга чейинки подкасттарда көптөгөн терең темаларды токтолуп кеткенбиз. Бул учурларда дагы коомубузда актуалдуу болуп жаткан, ар бир адам билиш керек, түшүнүш керек болгон темаларга токтолуп өттүк. Биздин бүгүнкү подкастта төмөнкү темалар боюнча маалымат ала аласыздар: - Юнус алейхи саламдын окуясы жана анын окуясынан кандай сабак алсак болот. - Мусулман адам депрессияга кириши мүмкүнбү жана таарынычтардын бул маселеде орду кандай. - Чыныгы патриот адам кандай болот. - Элиме, өлкөмө кызмат кылам деген кишинин сыпаттары. - Шайтан адамдарды кантип азгырат. - Улутчулдук деген эмне жана эмне себептен динибизде күнөөлүү иштерден болуп эсептелет. - Шайтандын тузактарынын бири – коркуу. - Таклидий (ээрчиме) ыйман жана тахкикий (чыныгы) ыйман. - Нафстын кандай даражалары бар. - Чыныгы текебер адам ким. Подкастты көргөн адамдар көптөгөн суроолоруна жооп алып, бул маектешүү көпчүлүккө кызык жана пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Таймкоды: 0:00 - Тизер 01:31 - Башталышы 03:30 - Дуа каяктан чыккан, дуанын сыры 05:36 - Юнус (а.с.) окуясы 08:55 - Депрессия эмнеден болот? 13:55 - Патриот кандай болуш керек? 15:15 - Азирети Халиддин (р.а.) окуясы 18:10 - Элге кызмат кылам деген киши кандай болуш керек 20:20 - Эң биринчи улутчулдукту ким кылга 22:31 - Пайгамбарыбыздын (САВ) жанында ар улуттун өкүлдөрү болгон 24:58 - Биримдигибизди талкалаган 3 вирус 28:40 - Шайтан адамбы кантип алдайт? 34:25 - Инсандын сапаттарга жетүү жолдору кандай? 41:47 - Такрий иманга кантип келиш керек адам? 45:00 - Узтаздын маанилиги, ролу кандай ? 47:55 - Нафстын даражалары 54:40 - Нафсты кантип тарбияласак болот? 01:16:45 - Жыйынтыктоо Каналга катталып, жакындарыңыз менен бөлүшүп, жакшы ишке салым кошуңуз. Сиздерди терең урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Production: Antares Creative Group antares_group Биздин Instagram: denis_ajy nursultan_mainazarov zaman_podcast
From the album
Zaman podcast46 tracks · Track 30Биз заманыбыздын мыкты спортчусун, ырчысын, чыгармачыл адамын чакырып жатабыз. Подкасттын алып ба...
→